26-декабрда Бишкек шаардык кеңештин сессиясы болуп, анда төрт маселе каралды. Алгач депутаттар Эмен багына Чыңгыз Айтматовдун ысмын ыйгарышты.Сессияда сөз сүйлөгөн улуу жазуучунун жубайы Мария Айтматова Чүй проспектисин ыйгаруу максатка ылайыктуу болорун айтып, Эмен багын Чыңгыз Айтматов атындагы бак деп атоо жетишсиз экенин кыйыр түрдө билдирди. Депутаттар бул маселени кийинки сессияда карай турган болушту. Андан сырткары шаардык депутаттар Бишкектин 2009-жылга бюджетин бекитишти. Ага ылайык борбордун кирешеси 3 миллиард 902 миллион сом деп эсептелди. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин басма сөз катчысы Чынара Усупбаева билдирди.(AiT)