Пакистандын мурдагы премьер-министри Беназир Бхуттонун күмбөзүнө бүгүн 200 миңдей адам чогулду. Былтыр дал ушул күнү Бхутто Раванпиндидеги демонстрацияда машинеде бараткан жеринен белгисиз бирөөлөр тарабынан окко учкан, кийин машинеси да жарылып кеткен. Ал парламенттик шайлоого өзүнүн Элдик партиясы менен катышканы жаткан эле. Бхутто кайтыш болгондон кийин анын күйөөсү Асиф Али Зардари сентябрдагы шайлоодон кийин өлкөнүн президенти болуп калды.