Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 11:38

Өзбекстан Тажикстанга газ берүүнү токтотту


Расмий маалыматка караганда, Тажикстан Өзбекстанга газ үчүн делген 10 млн.долларлык карызын төлөбөгөнү үчүн газ токтотулду. “Тажикгаз” мамлекеттик ишканасынын билдиргенине караганда, Өзбекстан күнүнө, буга чейин макулдашылгандай, эки миллион куб.метр газ жибербей, анын жарымын гана жиберип турчу. Дүйшөмбүдө Өзбекстан Тажикстанга сатчу газдын баасын келерки жылга 300 долларга көтөрө турганын айткан. Ушул мезгилге чейин Тажикстан өзбек газынын ар бир миң куб.метрин 145 доллардан алып келген. Тажикстан керектеп жаткан газдын 95% Өзбекстандан сатып алат жана азыркыдай экономикалык кризис учурунда газды анчалык кымбат ала албай турганын билдирди.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG