Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Быйыл парламент 341 мыйзам кабыл алды


Жогорку Кеңеш тараткан маалыматка караганда кабыл алынган мыйзамдардын 259 мыйзамына президент Курманбек Бакиев кол койду. Бир жыл ичинде Жогорку Кеңешке жана депутаттарга ар кандай маселелер менен 27341 жаран кайрылган, 5906 кат келген.
Партиялык тизме аркылуу 2007-жылдын 16-декабрда өткөн шалоонун негизинде парламенттин төртүнчү чакырылышы 21-декабрда расмий ишке киришкен. Жаңы парламенттин курамындагы 90 депутаттын 71 депутаты президент Курманбек Бакиев жетектеген “Ак жол”, 11 депутат Алмаз Атамбаев жетектеген Социал-демократтар, 8 депутат Искак Масалиев жетектеген Коммунисттер партияларынан шайланышкан. Парламентке оппозициялык “Ата мекен” партиясынан эч ким кирбей калган. Кийинчерээк оппозициялык күчтөр жаңы парламентти жасалма парламент деп, тааныбай тургандыгын жарыя кылган. Кыргызстандын парламенти негизделгенине быйыл 70 жыл болду. (BuS)

XS
SM
MD
LG