Ала -Тоо кинотеатрында уюштурулган бул иш чарада “Дордой-Динамо” футбол командасына сыйлыктар тапшырылып, Руслан Сыдыков, Мирлан Мырзаев баштаган футболчулар жылдын мыкты футболчулары деп таанылышты. Салтанатта сыйлыктарды федерациянын жаңы президенти, Сот департаментинин директору Айбек Алыбаев баштаган жетекчилер тапшырышты. “Дордой-Динамо” командасы Кыргызстандын беш жолку чемпиону, футбол боюнча 18-чемпионаттын жеңүүчүсү катары таанымал. (BuS)