Президент өз администрациясынын жетекчилиги менен бүгүн өткөргөн жыйында УТРКнын кызматкерлеринин айлыгын 50% көбөйтүү боюнча жардыкты даярдоону тапшырды. Айлык акылар 2009-жылдын январь айынан көтөрүлүш керек. Президенттик администрациянын жыйынында андан сырткары министрлик, тармактык жана жергиликтүү администрациялардын кызматтык орундарын оптимизациялоо каралды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты.(AiT)