Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:42

Израилге каршы каршы айрым өлкөлөрдө нааразылык билдирилүүдө


Пакистан ХАМАСтын жайларын бутага алууну "пайдасыз" деп атап, кыянатчылыкты токтотууга чакырды. Израил менен палестин согушкерлери ортосунда ок атышууну токтотуу чакырыгын бүгүн британ өкмөтү кайрадан кайталады. Ирандын борбору Тегеранда, Ливандын борбору Бейрутта Израилдин аракетин айыптаган демонстрацияга он миңдеген адам чыкты. Ирак, Индонезияда, Йеменде мындан кичинерээк нааразылык акциялар болду. Индиянын Тышкы иштер министрлиги болсо өз билдрүүсүндө күчтүн ашыкча колдонулуусу жөн-жай тургундар арасында көп жоготуу алып келип жатканына нааразы экенин белгиледи. Ал эми Германиянын канцлери Ангела Меркел, анын басма сөз катчысынын айтымында, кырдаалдын курчушу үчүн элдешүү жараянын токтотуп, Израилге ракета аткан ХАМАСты айыптады.

XS
SM
MD
LG