Князь Александр Ярославич 1240-жылы Нева дайрасында орустардын шведдер менен болгон согушунда жеңишке жетишип, элдин оозуна Невскийлик деген ат менен таанылган.
Экинчи орунду XX-кылымдын башында падышалык өкмөттү жетектеген саясатчы жана реформатор Петр Столыпин, ал эми үчүнчү орунду советтик диктатор Иосиф Сталин ээлеген.
Үстүдөгү жылы май айынын этегинде сыналгыда башталган оюнга 500 орусиялык белгилүү адамдардын ысымдары коюлган. Биринчи иргөөдөн соң анын элүүсү калып, добуш берүү улантылган. Акыры 12 таанымал адам тандалган.
Кызык жери июль айында сурамжылоонун башына Сталин чыкканда “техникалык жаңылыштык болду” деген жүйөө менен жарыш токтоп калган. Кийин ал кайра башынан башталган.
Оюндун жыйынтыгы чыккан соң коомчулук арасында жомокко айланып калган князь Александр Невскийден да советтик режим башында турган кол башчынын эсте тутуу – неосталинизмдин кайра келишин билдирет дешет.
Дагы бир ушул багытта ой жоруткандардын айтымында, Александр Невский менен Петр Столыпиндин алдыга чыгышы азыркы бийликте отургандар үчүн өрнөк боло алат. Эмне дегенде, XIII-кылымда князь Невский кол топтоп чет элдик жоонун мизин кайтаруу үчүн аракет жасаган. Ал эми XX-кылымдын жакасында Столыпин болсо ал кездеги Орусиянын стабилдүүлүгүн сактоого ашыккан дешет.
Азыркы тушта Путин менен Медведев да ошондой иштерди жасап, алардан калышпоодо дегендер дагы аз эмес.
The Guardian гезитинин жазганына караганда, сурамжылоого жалпысынан беш миллиондон ашуун киши катышып, телефон, СМС жана интернет аркылуу добуш беришкен. “Ал эми Сталинге көп добуш берүү эл арасындагы нааразылык маанайды, жарандардын «мындан ары азыркыдай жашагыбыз келбейт!» дегенди билдирет” деп жазат гезит.
Жыйынтык эсепти чыгарууга катышып, жюринин бири Никита Михалков мындай дейт:
- Александр Невскийдин биринчи орунда болушу үчүн кудайга даңк! Петр Столыпин экинчи орунда. Сталин үчүнчү орунда. Мына ушунун өзү мындан ары кандай жашашыбыз керек экендигин ойлонтчу көрүнүш.
Техникалык шарт болбогондуктан сурамжылоого добуш берүүчү бир нече ирээт катыша алган. Сурамжылоого байкоо салган Любовь Борусяктын баамында, бул долбоор менен мамлекеттик сыналгы жаштарды өзүнө көбүрөөк тартуу аракетин көрдү. Ал гана эмес дегеле көрүүчүлөрдүн сурамжылоого катышуусу мынчалык көп болгон эмес. Адис Любовь Борусяк буларды айтат:
- Бул долбоордун жердигин барк алган абдан көп аудиторияны чогултуу ишке ашты. Аны жаштардын оюнуна айлантуу ишке ашпай калды.
Алдыңкы үч орундан кийинки тогуз орунду: Пушкин, Петр Биринчи, Ленин, Достоевский, Суворов, Менделеев, Иван Грозный, Екатерина Экинчи, Александр Экинчи ээлешкен.