Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Куралчан кишилер Ош бажы жетекчисинин үйүнө кол салышты


29-декабрда саат түнкү 22.00 чамасында беткап кийген куралчан үч киши Ош бажысынын жетекчиси Раимбек Матраимовдун апасынын үйүнө кол салып, ичкеридеги төрт адамды коркутуп-үркүтүп, айрымдарынын колу-бутун байлап, темир сандыкка катылган 18 миң долларды, 100 миң сомду жана баалуу буюмдарды көтөрүп кетишкен. Бактыга жараша бажы башчысынын үй-бүлө мүчөлөрү анчалык жабыркаган эмес. Учурда каракчылык беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, оперативдүү иликтөө чаралары көрүлүүдө. Бул туурасында ички иштер министринин орун басары Жеңиш Жакыпов «Азаттыкка» кабарлады. Жабырлануучулар менен байланышуу аракетибизден майнап чыккан жок, ошол себептүү кол салууга эмнелер себеп болушу ыктымалдыгын билүү кыйынга турууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG