Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Пакистандын операциясы Ооганстанга жүк жеткирүүчү жолду жапты


Хайбер ашуусунда башталган аскерий операция Ооганстандагы коалициялык күчтөргө жүк жеткирүүчү автокербендерге кол салып жаткан согушкерлерге каршы багытталган. Жергиликтүү бийликтердин айтымында, аймакты согушкерлерден тазалоо үчүн танкттар, аскерий тик учактар жана артиллериялык бөлүктөр да жөнөтүлдү. Азыркы операцияга чейин Хайбер ашуусунда Талибан согушкерлер деп шектелгендердин кол салуусунан НАТО менен АКШ баштаган коалициянын жүк тарткан жүздөгөн автоунаалары талкаланган эле. Ооганстанда талиб согушкерлерине каршы күрөшүп жаткан батыштык аскерлерге керектүү жүктүн 75%га жакыны ушул Хайбер ашуусунан өтүүчү тоолуу жол аркылуу жеткирилет.

XS
SM
MD
LG