Азербайжандын Теле жана радио боюнча Улуттук кеңешинин бүгүнкү чечимине ылайык эл аралык радиостанциялар улуттук жыштыктарда обого чыгарылбайт. Бул чечим 1-январдан тарта күчүнө кирмекчи жана ободон Би-Би-Си, "Америка үнү" "Азаттык жана Эркин Европа" радиосунун азери кызматы - "Азадлик" радиосунун берүүлөрү алынат. Эл аралык медия уюмдар азери бийликтеринин бул кадамын мунайга бай өлкөдө сөз эркиндиги чектелешинин дагы бир далили катары баалашууда. Азербайжан бийликтеринин чечимин "Эркин Европа-Азаттык" радиосунун президенти Жеффри Гедмин да сынга алып, муну менен алар элди көз карандысыз, ишенимдүү жана так маалымат булагынан ажыратып жатканын, бул Азербайжандын эли үчүн өтө өкүнүчтүү экенин белгиледи.