Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:45

30-декабрь : Тарых барактары


Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун уюшулушуна байланыштуу 1922-жылдын 30-декабрында Москва шаарында өткөн, СССР Советтердин I съездине үч пишпектик делегат катышкан. Саламаттык сактоо кызматынын 1927-жылдын 30-декабрындагы билдирүүсүнө караганда Фрунзе шаарында безгектен ооругандардын саны 600 адамга жеткен.

Бүткүл союздук Советтердин I съездди 1922-жылдын 30-декабрында өткөрүлүп, анда СССР мамлекетин куруу туурасында тарыхый чечим кабыл алынган. Мындан тышкаары жаңы мамлекеттин уюшулушун жөнгө салган Союздук келишим жактырылган. СССР мамлекетинин курулушу кыргыз калкынын өз алдынча этнос катары сакталып, мамлекет түптөшү үчүн эбегейсиз тарыхый роль ойногон.

Фрунзе шаардык жумушчу, дыйкан жана кызыл аскерлер кеңешинин административдик бөлүмү, 1928-жылдын 30-декабрында спирт ичимдиктерин сатуу туурасында катаал токтом чыгарган. Шаардык кеңештин токтомунда жаңы жылдык майрам күндөрү соода түйүндөрүнө түшүрүлө турган спирт ичимдиктерине чектөө киргизүү чарасы каралган. Жаңы жылдын биринчи күндөрү Фрунзе шаарында спирт ичимдиктерин сатууга тыюу салынган. Шаардык кеңештин административдик бөлүмү 1-январдан 4-январга чейин жалгыз пиво суусундугун сатууга уруксат берген.

Советтик Социалисттик Республикалар Союзунун уюшулушуна байланыштуу 1922-жылдын 30-декабрында Москва шаарында өткөн, СССР Советтердин I съездине үч пишпектик делегат катышкан. Кыргыз мамлекетин түптөөгө салым кошкон үч жердештин тагдыры бирдей кейиштүү аяктаган. Полководец Михаил Фрунзенин өмүрү 1925-жылы шектүү жагдайда үзүлсө, белгилүү коомдук жана саясий ишиер Абдыкерим Сыдыков 1938-жылы атылып, ал эми журналист, юрист Григорий Бройдо болсо 30-жылкы сталиндик репрессия маалында камакка алынып, андан соң акталгандан көп өтбөй 1956-жылы дүйнөдөн кайткан.

Саламаттык сактоо кызматынын 1927-жылдын 30-декабрындагы билдирүүсүнө караганда Фрунзе шаарында безгектен ооругандардын саны 600 адамга жеткен. Саламаттык сактоо кызматынын аракетине ылайык борбор калаада безгек менен ооругандардын саны кескин кыскарган.

Эгер безгек илдетине чалдыккан адамдардын саны 1926-жылы 1100 адамга жетсе, бир жыл ичинде оорукчандардын саны дээрлик эки эсеге кыскарган. Шаардык жетекчилик муну жергиликтүү чарба кызматынын алгылыктуу ишинин акыбет эмгеги катары баалаган.

Жергиликтүү чарба кызматынын аракети менен 1927-жылы шаардын түндүк тарабында 15 чакырым арык казылып, 144, 5 сотых саздак жер кургатылган. Ошол эле убакта маляриялык станция 113 көлчүккө нефть төгүп, безгек дартын тарата турган чиркейлерди кырган.

XS
SM
MD
LG