Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:34

2008: Ысык-Көлдө продукция өндүрүүнүн көлөмү өстү


Кумтөр алтын кени бийик тоо арасында жайгашкан.
Кумтөр алтын кени бийик тоо арасында жайгашкан.

Ысык-Көл облусундагы өндүрүштүк ишканаларда быйыл продукция 52 пайызга көп өндүрүлгөн. Бирок айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгү төмөндөп, айрым райондордо дан эгиндери гектарынан 5 ,6 гана центнерден айланган.

Тоң району: 2008-жыл тоңдуктар үчүн жемиштүү жыл болгонун жергиликтүү жашоочулар өздөрү айтышууда. Дан эгиндеринин түшүмү орточо 20, 19, 22, 23 төн айланды.

Облустук айыл чарба башкармасынын кызматкери Жолдошбек Байсеитовдун маалыматы боюнча да дан эгиндеринен ушул Тоң району гана 30 центнерге чейин түшүм алган.

Жети-Өгүз району: Цианидинен жабыркаган элге Кумтөр кени дале берген убадаларын аткара элек.

-Жүз сексен миллион сомду бериш керек болчу, жүз элүү бир миллионду берди, калган жыйырма сегиз миллионду бербей жатат. Жанагы чаңдатып жаткан аймакты 7,8 км асфальтташ керек болчу, өкмөттүн токтому бул ошону да аткарышкан жок,- деди “Карек” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Эркингүл Иманкожоева.

Бирок Кумтөр аркылуу элге медициналык, спорттук жана өндүрүштүк жайлар ачылды. Жыл аягында райондун акими Замир Турдукеев кызматынан бошотулуп, ага администрация имаратынын ремонтуна бөлүнгөн каражатты максатсыз пайдаланган деген күнөө коюлууда

Ак-Суу районунда жападан жалгыз мамлекеттик ишкана бар эле, ал Жыргалаң көмүр кени быйыл Кытай ишкерлерине сатылып кетти. Келишим боюнча жергиликтүүлөргө арзан көмүр милдеттендирилген менен, ал аткарылбай атканын- Ак-Булуң айыл өкмөтүнун башчысы Айгүл Өзүбекова ырастады:

-Шахтыдан 9тонна көмүр алып келип түшүрүлдү 5 миңден сатышты кымбат болуп жатат. Жергилүктүү элге төрт миңден ашырбайм деген шахтынын убадасы бар болчу, бирок ошол жаңы түшкөн точкага беш миңден сатты.

Түп району: Бул район облусту дан менен камсыз кылчу аймак, бирок быйыл буудайдын ар гектарына 5, 6 гана центнерден түшүм алынып, артта калган район болду.

Саясый айдыңда жумурткачан аялдар отряды менен таанымал болуп тарыхта калды.

Ысык-Көл району. Көл жээктеги жерлерди мыйзамсыз түрдө колунда барларга чечип берип аткан сот системасына нааразылык күчөдү.Жаңы жыл алдында Бостери айылындагылар көл жээктен айыл өкмөткө чейин жөө жүрүш өткөрө баштады эле, ал бийликтин күчү менен жөнөкөй жыйынга айланып кетти.

Балыкчы шаардык кеңешинин депутаттары төраганы шайлоодо губернатор менен аким көрсөткөн “акжолчу” Зарылбек Шариповду эмес, бийликтин камчысын чаппаган Алмаз Жаликовду бир добуштан бекитишти.

- Бийлик органдарынан, албетте, кысым көрсөтүлдү, тымызын иштер жасалып жатты. Депутаттарды бирден чакырып алып сүйлөшүшүп, кысым көрсөтүшүп өзгөчө мамлекеттик структурада иштеп жүргөн депутаттарга. Ал баарына эле белгилүү,- дейт Балыкчы шаарынын депутаты Таалайбек Медеркулов.

Губернатордун орун басары Калыбек Алышпаевдин айтымында, өнөр жай өндүрүшү боюнча жалпы област боюнча Кумтөр алтын кени менен бирдикте 18 миллиард сомдон ашык өнөр жай продукциясы өндүрүлүп чыгарылды. Анын ичинен облустук өнөр жай ишканалар тарабынан чыгарган продукция 5 миллиард 103 миллион сомду түзүп жатат

Калыбек Алышпаев быйыл өндүрүлгөн продукция өткөн жылдан 52 пайызга арбын болгонун кошумчалады. Бирок картошка 42 миң тоннага аз өндүрүлгөн.


XS
SM
MD
LG