Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:47

2008: Ош аймагы табигый кырсыктан жапа чекти


Алайдагы жер титирөөдөн кыйраган Нура айылы.
Алайдагы жер титирөөдөн кыйраган Нура айылы.

Январдагы зилзаланын айынан 1000ге чукул жаран башпаанексиз калды. Ал эми 5-октябрдагы жер титирөөдөн Алайдагы Нура айылы бүтүндөй кыйрап, 75 адам набыт тапты.

2008-жылдын ызгаардуу алгачкы күнүн жана түнүн Карасуу, Ноокат райондорундагы 300гө жакын үй-бүлө, тактап айтканда, 1000ге чукул адам эшикте тосушту.

Өкмөт ошол жарандардын маселесин жарым-жартылай чечип бүткөндө, 5-октябрдын түнү Алайдын Кытайга чектеш Нура айылы зилзаладан толук кыйрап, 75 жаран басырындыда калып набыт тапты.

Андан мурдараак Ошко жасаган сапарында өлкө башчысы Бакиев Аравандагы цемент заводунун ачылышына катышып, түштүк аймагы мындан ары курулуш материалдарына зарыкпай тургандыгын, а түгүл чет өлкөлөргө экспорттошоорун ачыктаган.

Жергиликтүү эксперттердин баамында, тилекке каршы, ал убада азырынча кыял бойдон калууда. Себеби салыктын көптүгү жана ыксыз текшерүүлөр 2008-жылы ишкерлердин кендирин кыйла кести. Ич ачыштырган жагдай: бизнесмендердин 40 пайызы тармактагы коррупционерлерден качып көмүскө экономика ооп кетишти.

-Салык дагы эле болсо Кыргызстанда абдан жогору денгээлде болуп жатат. Текшерүүчү органдар ыксыз текшерүүлөрдү көбөйтүп, жеке ишкерлерди кыйнап жаткан учурлар болуп жатат. Бирок коррупцияга аралашып кеткен учурлар 40% көмүскө экономикада иштеп аткан себеби да ошондон да.,- дейт Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУнун) Оштогу менеджери Өмүрбек Алманбетов.

Ушуга улай август-ноябрь айларында аймак каржы кризисине кабылды. Кыргыз улуттук банкынын Ош облустук башкармалыгынын жетекчиси Мадамин Фаттахов маалымдашынча, коммерциялык банктардын 38 филиалынын көпчүлүгү ишкерлерди жана калкты кредиттөөнү дээрлик токтотту.

Ал эми саясий өңүткө үңүлсөк, партиялардын жана бейөкөмт уюмдардын бийликти сындаган жергиликтүү лидерлери токмоктолуп, кээ бири соттолушту. Маселен, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын облустук уюмунун төрагасы Керим Макеевди өздөрүн милиция кызматкерлери деп тааныштырган адамдар жөнсүз кармап, алты саат бою мазактап, уруп-сабашкан.

Оппозициялык «Ата Мекен» партиясынын Оштогу лидери Бакыт Калмаматовду да улуттук коопсуздук кызматынын өкүлдөрү сегиз саат сурак кылып, атүгүл күч колдонушкан. Бириккен Улуттар Уюмунун качкын макамына ээ эркин адвокат Саидкамол Ахмедов алдамчылык менен алектенген, жалган документтерди жасаган деп айыпталып, 3 жылга кесилип, 5 миң сом айыпка жыгылды.

Ош шаардык соту укук коргоочу Равшан Гапировду Интернет аркылуу тараткан баракчаларында өлкөдө тыюу салынган Хизб-ут-тахрир партиясын колдогон деп күнөөлөп, бир жылга эркинен ажыратты, бирок прокуратура аппеляциялык сунуш келтирбегендиктен, абактан бошотулду.

Акыйкатчынын Оштогу өкүлчүлүгүнүн башчысы Талипбек Нуралиев да былтыркыга караганда 2008-жылы жарандык жана саясий укуктар көбүрөөк бузулгандыгына кабатырланды.

-Өтүп бараткан 2008-жылы уголовный иштер боюнча арыздар көбөйдү. Акыркы мезгилдерде айрыкча мынабул ИИМ кызматкерлери тарабынан, тергөөчүлөр тарабынан көп укук бузуулар болуп жатат.

XS
SM
MD
LG