Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:23

Израил Газа тилкесинде Хамаска чабуулун уланта берет


Палестиндик согушкерлер ракеталарын жиберүүнү токтотмоюн, Израил Газа тилкесинде Хамаска чабуулун уланта берет. Бул тууралуу Израилдин тышкы иштер министри Ципи Ливни билдирди. Парижде президент Николя Саркози менен сүйлөшүү маалында Ципи Ливни Франциянын Газа тилкесинде 48 сааттык убактылуу элдешүү жарыялоо тууралуу сунушун дагы бир ирээт четке какты. Убактылуу элдешүү Газа тилкесине гуманитардык жардам жеткирүүгө мүмкүнчүлүк бермек. Ципи Ливни Газа аймагында эч кандай гуманитардык кризис болбогонун билдирди. Палестиндик дарыгерлердин маалыматына ылайык, өткөн ишембиден берки чабуулдардан Палестинада 400 адам набыт болду, эки миңдей адам жаракат алды.

XS
SM
MD
LG