Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:29

2008-жыл адам укуктары жаатында артка чегинүүнүн жылы болду


Мындай пикирин “Азаттыкка” укук коргоочу Азиза Абдырасулова билдирди. Анын айтымында 2008-жылы адам укуктарынын бузулушу мыйзам түрүндө бекемделди. “ Жарандардын эркин чогулууга болгон укуктарын чектөө мыйзамдаштырылды, саясий оппоненттерди камоо, сөз эркиндигин кысымга алуу күчөдү. Ошондой эле буйрутма киши өлтүрүүлөр көбөйүп, адамдар дайынсыз жоголуп кетишүүдө”, дейт А.Абдырасулова. Ал эми мамлекеттин башкаруу системасына токтолгон укук коргоочу бүгүнкү күндө тик вертикалдуу президенттин бийлик орногонун баса белгиледи. “Мамлекетибиз диктатуралык режимге өттү. Республикалык бюджеттин 34 пайызы күч структураларына жумшалып жаткандыгы буга көптөгөн мисалдардын бир гана далили”, дейт А.Абдырасулова. Укук коргоочу А.Абдырасулова ошондой эле 2009-жылы эркин көз караштагы адамдарды камоо башталат, сыртка качуу көбөйөт деген божомол пикирин кошумчалады. (MSu)

XS
SM
MD
LG