Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:21

А.Эркебаев: 2009-жылы оппозиция активдешет


Мындай пикирин Коомдук парламенттин төрагасы Абдыганы Эркебаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда билдирди. Саясатчынын айтымында, 2008-жыл Кыргызстан үчүн бардык жагынан татаал, оор, жоготуулардын жылы болду. Белгилүү, улуу инсандардын көзү өтүп кетти. Эл жарык турмуштан караңгы үңкүргө түштү. А.Эркебаевдин белгилешинче, былтыр өлкөдө саясий стабилдүүлүк бийликтин коркутуп-үркүтүүсү, куугунтукка алуусу, жакпаган адамдарды камоо аркылуу сакталып турду. “Бирок мындай башкаруунун келечеги жок. Эртели кеч элдин чыдамы, сабырдуулугу да түбүнө жетет. 2008-жылы оппозиция да бийликке сабырдуулук мамиле жасады, эч кандай радикалдуу кадамдарга барган жок, бардык маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечели деген позицияны карманып турдук. Эми быйылкы жылы оппозиция күтүү позициясынан активдешүү позициясына өтөт”, дейт А.Эркебаев. (MSu)

XS
SM
MD
LG