Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:52

Бийлик сапары - Москва, санаасы - оппозиция, энергетика...


7-январдан тарта жаңы жылдык эс алуулар бүтүп, жумуш күндөрү башталат. Саясатта да активдешүү башталып, 8-январда оппозициячылар жыйынына чогулат. Президент январда Россияга сапар тартат.

Жалпы оппозицияны бириктирген “Бириккен Элдик Кыймыл” жаңы жылдагы алгачкы жыйынын 8-январда өткөрүүнү белгилеп жатат. Топчубек Тургуналиевдин билдирүүсүнө караганда, 8-январга белгиленген БЭКтин Улуттук кеңешинин алгачкы жыйынында кыймылдын аракеттери, энергетика тармагын менчиктештирүүгө каршы чараларды көрүү жана жаңы мүчөлөрдү кабыл алуу маселеси каралат.

Энергетика тармагы демекчи, өкмөт “Түндүкэлектро”, "Бишкек жылуулук борбору" жана "Бишкек жылуулуктармактар" ишканасын бириктирип саттыкка койгон. Арыздарды кабыл алуу 24-январда соңуна чыгаары кабарланган. Бул ишканаларды сатып алууга кызыккан тараптар болуп жатабы деген суроо менен мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитеттин статс-катчысы Сүйөркул Керимкуловго кайрылган элек. Анын жообу мындай болду:

-Кызыгып документтерин алган эки компания бар. Бирөөсү Россиянын РАО ЕЭС компаниясы. Экинчиси, Американын АЕС компаниясы. Ушул эки компания азырынча документтерин карап жатышат. Конкурс 27-январга чейин уланат. Ошондуктан компаниялар арыздарды бере беришет. Негизи акыркы күндөрү беришет.

Президент Курманбек Бакиев быйылкы жылдагы алгачкы иш сапарын Москадан баштаганы турат. Мамлекет башчынын өткөн жылдын
соңунда РИА Новости маалымат агенттигине берген интервьюсуна караганда, ал январь айынын экинчи жарымында Москвага сапар алат. Анын учурунда орус президент Дмитрий Медведев менен жолугушат. Сапар учурунда Россия Кыргызстанга бөлүүгө ниеттенген 2 милилард долларга байланыштуу маселе толук чечилиши күтүлүп жатканын Бакиев белгилеген.

Саясат таануучу Жолборс Жоробеков президенттин Москвага сапары жемиштүү болоруна ишенет:

-Россиянын бизге берип жаткан 2 миллиард доллар инвестициясы, андан кийин биздеги чоң-чоң завод-фабрикалар боюнча, Ленин заводу сыяктуу ишканалар боюнча дагы сөз болот. Ошондуктан президенттин бул сапары абдан ийгиликтүү болот деп ойлоймун.

Бирок кыргыз адистерин Россия бере турган насыянын шарты оор болушу тынчсыздандырууда. Маселен, Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга бериле турган 1 милилард 700 миллион доллар насыянын жылдык үстөгү 10% жетип, ал коммерциялык мүнөздө болуп каларын Жогорку Кеңештин депутаты Роза Отунбаева эскерткен. Президент Курманбек Бакиевдин сөзүнө караганда, азыркы мезгилде эки тараптын адистери насыянын шартын сүйлөшүп жатышат.

Ошентип 2009-жылды бийлик бир жагынан элде популярдуу эмес болгон энергетика тармагын сатуудан, экинчи жактан колдоого ээ боло турган ГЭСтерди куруу үчүн акча табуудан баштап турат.

Оппозиция болсо бир лидердин айланасында болбосо да, бир уюмдун айланасында баш кошуп, чечкиндүү кадамдарга барууга даярдыгын билдирүүдө.

Бул саясий күрөштө энергетика тармагындагы кризис чечүүчү факторго ээ боло тургандай. Эгерде бийлик тармактагы кырдаалды такыр колдон чыгарып, эл жарыксыз калса, оппозиция нааразы элдин толкунун баштап кетүүгө даяр турат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG