Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:42

Т.Бакир уулу: “Конституциялык сот Ак үйдөн буйрук алган сыяктуу”

Экс-Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу “Азаттыкка” мындай пикирин Конституциялык сотко берген арызына байланыштуу билдирди. Ал тынч митинг, жүрүштөрдү өткөрүү жөнүндө өткөн жылы кабыл алынган мыйзам Конституцияга карама-каршы келет деген арызын Конституциялык сотко сентябрда берип, мыйзамды жокко чыгарууну талап кылган. Сот ал арызды декабрдын соңунда кароого коюп, бирок Жогорку Кеңеш депутаттарынын ишинин көптүгүнө байланыштуу 8-январда кароону белгилеген. “Бирок, сот ал күнү башталаарына көзүм жетпей турат, себеби улам бир документти талап кылып, кароону созчудай болуп турат. Ушундан улам арызды карабоого бийликтен буйрук түшкөн деген ойдомун”,-дейт “Эрк” партиясынын төрагасы Турсунбай Бакир уулу.(BD)
XS
SM
MD
LG