Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:46

Израиль өткөн түнү да Газадагы чабуулдарын улантты


Израиль өткөн түнү да, эларалык коомчулуктун атышууну токтотуу талабына карабай, Газадагы чабуулдарын улантты. Израилдин Тышкы иштер министри Ципи Ливни «Иерусалим террорчулар менен келишимге барбайт» деп, ХАМАС тууралуу айткандай болду. АКШ президенти Жорж Буш болсо палестинадагы куралчан топ Израилге ракета атканын токтотушу керек деп билдирди. Палестиналык догдурлар акыркы 10 күндүн ичинде аймакта 550 адам набыт болгонун айтышууда. Израил тараптан беш киши окко учкан. БУУ Газадагы гуманитардык кризис курчуп баратат деп билдирди. Уюмдун маалыматы боюнча, набыт болгон 550 адамдын 20 пайыздан ашууну калктын карапайым катмары.

XS
SM
MD
LG