Ирандын мамлекеттик ИРНА маалымат агенттиги кабарлаганына караганда, 70 миңден ашуун ирандык студент Израилге каршы күрөштө жанкечтиликке барууга да даяр экендиктерин билдирип, президентке кайрылышкан. Президент Махмуд Ахмединежад алардын суранычына азырынча жообун бере электиги айтылды. Кабарда айтылгандай, студенттер Газадагы кыргын үчүн Израилге каршы согушка чыгууга, ХАМАСты колдоого даяр. Иран өзү Палестинадагы куралчан ХАМАСтын негизги колдоочусу экени айтылып келет. Бирок Иран бул куралчан топту курал-жарак менен камсыздабаганын айтып келет.