Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:33

Орусиянын «Газпрому» Украина аркылуу Европага жөнөтүлчү газдын көлөмүн кыскартты



Орусиянын «Газпром» компаниясы кечээтен тарта Украина аркылуу Европага жөнөтүлчү газдын көлөмүн кыскарта баштады. Премьер-министр Владимир Путин «Газпромдун» чечимин колдой турганын билдирген. Анткени Орусия Европага жиберип жаткан газдын бир бөлүгүн Украина уруксатсыз өзүнө сордуруп алып жаткан. Орусия менен Украина газ боюнча бул жылга келишим түзө албай коюшту. Андыктан 1-январдан тарта Орусия Украинага газ бербей койгон. Евробиримдик болсо орус газын Украинанын аймагы аркылуу алат. Бирок акыркы күндөрү Европанын бир топ мамлекеттерине бул конфликттин айынан газ толук жетпей калууда.
Брюсселде болсо Евробиримдик газ жаатындагы маселени чукул жыйынында талкуулады.

XS
SM
MD
LG