Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:59

Мусулмандар биримдиги дүйшөмбүдөн тарта пикетке чыгат


Мусулмандар биримдигинин теңтөрагасы Нурлан Мотуевдин “Азаттыкка” билдирүүсү боюнча, анда Израилдин Газа тилкесиндеги чабуулун токтотуу талабы коюлат. Мусулмандар биримдиги кечээ дүйнө коомчулугуна Израил Палестиндин элине каршы чабуулун токтотсун жана эл аралык уюмдар менен ири мамлекеттер кийлигишсин деген чакырык айтылган кайрылуу кабыл алып, аны БУУ, ЕККУ уюмдарына жана Орусия, АКШ, Кытай, Германиянын Кыргызстандагы элчиликтерине тапшырган. Кайрылууда 1948-жылы БУУнун чечими менен Израил мамлекети түзүлгөндүгү жана ошондой эле чечим менен Палестина мамлекети да түзүлүшү керектиги айтылып, бейкүнөө адамдардын өлүмүнө алып келген чабуул жасап жаткан Израилдин аракети үчүн эл аралык уюмдар жооптуу экендигин билдирген.(BD)

XS
SM
MD
LG