Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:08

Еврошаркет орусиялык газдын келүүсү азайуусун айыптады


Еврошаркет бүгүнкү билдирүүсүндө мындай жагдайды "толугу менен кабыл алынгыс" деп атады жана газ берүүнү тезинен калыбына келтирүүнү талап кылды. Ага катар кырдаалдын тез жөнгө салынуусу үчүн өз ара талашып жаткан эки тарап: Орусия жана Украина менен сүйлөшүүлөрдү күчөтөрүн белгиледи.

Бүгүн эртең мененки маалыматтарга караганда, Европанын түштүгүнө орусиялык көгүлтүр оттун келүүсү толугу менен токтоду, ал эми Борбордук жана Батыш Европанын бир нече өлкөсүндө газ басымы үчтөн экиге же андан көпкө азайган.

Орусиянын мамлекеттик Газпром компаниясы алардын көгүлтүр отун Европага экспорттоочу төрт куурдун үчөөсүн жаап салганы үчүн бүгүн Украинаны айыптады.

Ал эми Украинанын Нафтогаз ишканасы Газпромдун айыптоосун четке кагып, көгүлтүр отту азайтканы үчүн Орусиянын өзүн күнөөлөдү. Нафтогаздын башчысы Олег Дубинанын айтымында, ал кайрадан сүйлөшүү жүргүзүү үчүн Москвага ушул бейшембиде барат.

Орусия карыз жана баа маселесинде мунаса таба албагандыктан улам Украинага ички керектөөсү үчүн газ берүүнү 1-январдан тарта токтоткон.

XS
SM
MD
LG