Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:12

И. Масалиев: Саясий акцияларга аскер колдонулбайт


Жогорку Кеңештеги коммунисттер фракциясынын башчысы Искак Масалиев “Азаттыкка” берген интервьюсунда мындай пикирин “Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндөгү” мыйзамга байланыштуу билдирди. Коммунисттердин лидеринин айтымында аскерий диктатурага теориялык мүмкүнчүлүктөр бар, бирок, ал ишке ашпайт, анткени буга Конституция жол бербейт. Ошол эле мезгилде аскерлер өлкөдө өзгөчө кырдаалдар же башка жагдайлар түзүлгөн шартта четте калбаш керек деп эсептейт мыйзамды колдогон саясатчы.
Белгилүү укук коргоочу Азиза Абдырасулова муну Кыргызстандын диктатордук өлкөгө айлангандыгын белгиси катары баалады. Аталган мыйзамды Жогорку Кеңеш декабрда кабыл алып, президенттин кол коюусуна жиберди. Анда аскерлер өлкөдө өзгөчө жагдайлар түзүлгөн шартта милицияга кол кабыш кылары тууралуу жобо бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG