Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

АКШ комиссиясы президент Бакиевди дин мыйзамына кол койбоого чакырды


АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин маалыматына караганда Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык боюнча АКШ комиссиясы кечээ ушундай мазмундагы кайрылууну президент Курманбек Бакиевге жиберди.
Катта “Ишеним эркиндиги жана диний уюмдар жөнүндөгү” жаңы мыйзам эл аралык нормаларга, ЕККУ талаптарына каршы келери жана Кыргызстандын аброюна доо кетирери белгиленген. Ошондуктан мыйзамды парламентке кайра кайтаруу сунушталган. Катка аталган комиссиянын жетекчилери Кристофер Смидт, Элси Хастингс, Бенджамина Гардин кол коюшкан.
Мыйзамды Жогорку Кеңеш 2008-жылы 6-ноябрда кабыл алып, президенттин кароосуна берген. Анда 200дөн кем эмес мүчөсү бар диний уюм гана өз алдынча расмий каттоодон өтө алары, катталбаган уюмдар иш жүргүзө албастыгы өңдүү жоболор бар. Бул жоболорго тынчсыздануусун буга чейин ЕККУ жана жергиликтүү укук коргоочулар да билдирип, президентке кайрылышкан. (BuS)

XS
SM
MD
LG