Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:21

Орусия жана Украинанын өкүлдөрү газ тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө


Газ чатагын чечүү үчүн орусиялык “Газпром” жана украиндик “Нафтогаз” компанияларынын өкүлдөрү Евробиримдиктин аткаминерлери менен сүйлөшүү үчүн Брюсселге келишти. “Газпром” Орусиядан Украина аркылуу Европага барчу газды бууп салгандан бери Европа өлкөлөрү газ тартыштыгынын каатчылыгын сезүүдө. Орусия Европага зарыл болгон газдын дээрлик чейрек бөлүгүн экспорттоп келген. Евробиримдик эгерде газ чатагы чукул арада чечилбесе, анда Орусиянын - газ сатуучу катары, Украинанын - транзит өлкө катары беделине олуттуу доо кетээрин эскертти.

XS
SM
MD
LG