Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:21

Хамид Карзай АКШнын аскердик иш-чарасын сынга алды


Ооган президенти Хамид Карзай карапайым тургундардын өмүрүн алып кеткен АКШнын аскердик иш-чарасын сынга алды. Ооган бийлигинин маалыматына караганда, шейшембиде Лагман вилайетинде өткөрүлгөн аскердик иш-чара маалында набыт болгон 17 жайкын тургундун ичинде аялдар жана балдар болгон. АКШнын аскер башчылыгы Лагман вилайетинде 32 жоочу, анын ичинде бир аял болгонун, бирок набыт болгондордун арасында карапайым кишилердин болгон-болбогондугу тууралуу кабардар эместигин билдирген. Буга чейин Хамид Карзай АКШ жетектеген анти-террордук коалиция күчтөрүн калк арасында курмандыктарды болтурбоого бир нече ирет өтүнүп келген болчу. Бүгүн жасаган билдирүүсүндө президент Хамид Карзай карапайым тургундарды тирүүлөй калканч катары колдонгон талиптик жоочуларды да сынга алды.

XS
SM
MD
LG