Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:24

Оогандык режиссер коомдо тыюу салынган теманы козгоду


Оогандык режиссер Абдул Рашид Азими өлкөдө анча талкууланбаган маселеге - аялдарды зордуктоого кайрылып, ал жөнүндө фильм тартты. Жүздөгөн кыз-келиндер, өспүрүм балдар сексуалдык кылмыштан жабыркаганы менен, консервативдүү Ооганстанда бул тема жабык бойдон кала берүүдө.

“Белекке берилген сүрөт” деп аталган фильм Наргиз деген өспүрүм кыздын таржымалын баяндайт. Аны зордуктаган куралчан адамдар сот жазасынан качып кутулушкан.

Фильмдин бет ачаары бир нече күн мурун Херат шаарында болду. “Азаттыктын” ооган кызматы билдиргендей, киносүйүүчүлөр жалпысынан фильмди кубатташты. “Эң сезимтал теманы козгоп, татаал маселени чечүү үчүн бул эң жакшы кадам”, - дейт көрөрмандардын бири.

Абдул Рашид Азиминин айтымында, тасма турмуштан алынган окуяга – Сари Пол чөлкөмүндөгү бир кыздын кайгылуу таржымалына негизделген.

- Фильмде маалымат каражаттары бир депутаттын баласы 14 жашар кыздын абийрин булгады деп кабарлаган сцена бар. Ал окуя Сари Пол деген жерде болгон. Чынында мен ошондой кабарларды окуп алып сценарий жазууну жана фильм тартууну чечкемин.

Фильм зордуктоонун курмандыктары ооган коомунда үстөмдүк кылган жалган көз караштын курмандыктарына айланганын, кийин алар эч качан турмуш кура албай калганын баяндайт. Ооганстан өңдүү консервативдүү өлкөдө сексуалдык кылмышка туш болгон кыз келиндер жана жакындары зордуктоо жөнүндө эч кимге айтышпайт. Маселени ачык талкуулоого да эч ким батынбайт. Дари жана пушту тилдеринде жада калса “зордуктоо” деген сөз жок.

Бирок андай кылмыш өзгөчө согуш учурунда көп жайылып кеткен. Аялдардын укуктарын коргоо уюмдары тараткан маалыматка ылайык, жүздөгөн кыздар, аялдар жана өспүрүм балдар зордуктоого туш болушкан. Былтыркы жылдын алгачкы 3 айында Ооганстанда бойго жетелек 110дой кыздын зордукталганы катталган. Бирок укук коргоочулар андай учурлар мындан көп деп санашат.

Фильмде Наргизди сүйүп калган жигит - Насер кылмышкерлерден өч аламын деп аларды өлтүрүүгө аракет кылат. Бул дагы – турмуштан алынган көрүнүш. Ооган мыйзамдарына ылайык, зордуктоо үчүн өлүм жазасы каралганы менен, Насер ооган системасы кылмышкерлерди жазалайт деп ишенбейт.

Социалдык маселелер боюнча кабулдук адис Вахид Мозданын айтымында, зордукталган кыздардын туугандары адилеттүүлүктү өз колу менен ишке ашырууну көздөшөт:

- Зордуктоо бул жерде абдан сезимтал тема. Жапа чеккен кыздын жакындары кылмышкерлерди жазалоо үчүн анча кубаттуу эмес болсо, кээде өз кызын өлтүрүүгөз чейин барышат. Эч ким барып арыз бербейт, себеби ошол үй-бүлөөнүн абийри өмүрүнүн аягына чейин төгүлөт.

Дагы бир жол – зордуктаган эркекти кызга үйлөндүрүү. Бирок андай учурлар кыздын жакындары таасирдүү болгондо гана кездешет. Андыктан көпчүлүк учурларда кылмышкерлер кем багал үй-бүлөдөн чыккан кыз келиндерге кол салышат.

Жергиликтүү маалымат каражаттары зордуктоо жөнүндө былтыр эле ачык жаза башташты. Алар Тахар жана Сари Пол чөлкөмдөрүндө 11 жашар кыздар куралчан топ тарабынан зордукталган окуяларга өзгөчө көңүл буруп келишти. Андан кийин президент Карзай жабыркаган кыздар жана алардын туугандары менен жолугуп, кылмышкерлер сот жообуна тартылат деп убада кылган. Бирок оогандык укук коргоочулар маалымдагандай, Сари Полдогу кылмышкерердин бири таасирдүү, жакшы байланыштары бар үй-бүлөөнүн баласы болгондуктан, полиция аны камакка ала алган жок.

Фильмде башкы ролду аткарган Шукуфа Муртазави эми зордукталган кыз келиндердин арыздарына көбүрөөк көңүл бурулат деген үмүттө:

- Бул ролду аткаруу үчүн көп эрдик керек болду. Бирок өз өлкөбүздөгү турмушту биз чагылдырбасак, анда аны ким жасайт.

XS
SM
MD
LG