Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Иран Изарилге каршы жанкечтилик күрөшкө аттангандарды токтотту


Ирандын руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Израилге барып, өзүн-өзү жардырам деген жаштарга уруксат берген жок. Газадагы чабуулдар учурунда палестиндиктерди жөөттөрдөн коргойбуз деп, 70 миңдей студент Израилде жанкечтилик кылууга аттанган эле. Хаменеи ХАМАСка Иран башкача жолдор менен жардам берээрин билдирди. Ал, ошондой эле, Улуттар уюму менен Евробиримдикти Израилдин Газага чабуулдарын токтото алышпаганы үчүн айыптады.

XS
SM
MD
LG