Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:41

Кыргызстан – кыялдар менен кландардын гана өлкөсүбү?


Бүгүн жарык көргөн гезиттер күндүн башкы темасы катары өз ыктыяры менен отставкага кеткен президенттин администрация жетекчиси Медет Садыркулов жөнүндө жазып чыгышты.

“Ачык саясат” гезити эл ичинде “МЧС” деген кошумча “ат” менен жүргөн Медет Садыркуловдун кетиши тууралуу ойлорун сурап айрым жарандарга кайрылган:

М. Ниязов: "Байкасаңар, акыркы кездери Бакиевдин тегерегиндеги “ишенимдүү” деп эсептеген адамдар Үсөн Сыдыков, Исмаил Исаковдор четинен тарай баштады. Себеби бүгүн Бакиев менен иштөөгө мүмкүн болбой калды. Ага болгон нааразылык карапайым калк арасында гана эмес, жогорку бийлик бутактарындагы чиновниктерге чейин жетти";

А. Бекназаров : "Президенттин тегерегиндегилердин тирешүүсүнүн жыйынтыгы деп эсептейм. Садыркуловдун кетиши менен мамлекетте чоң өзгөрүү болоруна көзум жетпейт";

А. Эркебаев: "Болгону эми мындан ары сарай оюндарынын жаңы туру башталат болуш керек";

А. Жекшенкулов: "Эч нерсе өзгөрбөйт. Садыркулов үйбүлө тарабынан даярдалган чечимдерди эч кынтыксыз гана аткарып турган киши болгон. Ал Кыргызстанды бүгүнкүдөй абалга алып келгендердин бири катары жоопко тартылышы керек";

Ө. Текебаев: "Садыркуловдун кетиши президенттин командасынын кыйрашына алып келбейт. Бакиев өз кланын сактап калыш үчүн Садыркуловду садага чапты деп ойлойм";

Д. Сарыгулов: "Өз каалоосу менен мындай кызматтардан кетпейт, кетиришти"...;

Т. Тургуналиев: "Ал өзү кеткен жок, кетиришти. Ал кетеби-келеби, бул чоң маселе эмес, мен өзгөрүү болоруна ишенбей калдым. Бакиевдин мындай улуу нерсеге жөндөмү жок экен. Учурда президенттин эки жолу бар. Же М. Садыркуловдон кем калбаган дагы бир куйтуну же колу таза адамды алып келиши да мүмкүн";

К. Исаев : "Эртедир-кечтир бул жигит отсавкага кетиши керек эле. Бирок бизде бир коркунучтуу салт пайда болду. Бүгүн кызматтан айдап, эртең кайра майлуу орунга кое коймой";

Гезит бул теманы андан ары улантып, М. Садыркуловдун ордуна А. Мадумаровдун досу Данияр Үсөнов келиши мүмкүн экендигин кабарлап, президентти негизги үч топ курчап турарына окурмандардын назарын бурду.

Гезиттин жазганы боюнча 1-топко Жаныш Бакиев башында турган А. Мадумаров, Д.Үсөнов, Э. Сатыбалдиев, М. Коңгантиев, М. Суталинов, А. Келдибеков, М. Султанов, К. Ташиев ж.б, 2-топко Медет Садыркулов башында турган М. Бакиев, Н. Түлеев, Ө.Субаналиев, М. Эшимканов, К. Карабеков, С. Балкыбеков, Э. Ибраимова ж.б, 3-топко Үсөн Сыдыков башында турган М. Кайыпов, Ө. Абдуллаева ж.б. кирет деп тизмелеп, кыскасы М. Садыркуловдун командасын Ж. Бакиевдин командасы жеңгендигин, эми мунун артынан Ө. Субаналиев, М. Эшимканов сыяктуу бир топ адамдар жылуу орундары менен кош айтышары толук мүмкүн экендигин баса белгиледи.

“Кыргыз туусу” гезити мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын терминология комитетинин мүчөсү Турдубаев Жолдоштун “Сабатыбыз качан жоюлат?” аттуу эне тилдин көйгөйүнө арналган макаласына орун берди. Турдубаев аталган макаласынын бир жеринде кыргыз тилинин тазалыгына келгенде “Азаттык” радиосунун тажрыйбасындагы “самолетту - учак”, “вертолетту - тик учак”, “радиону - үналгы” дегендерин колдой тургандыгын белгилеп келип, бирок аба ырайы жөнүндө маалымат бергенде “градусту” -“даража” деп которгону такыр жарабайт, маселен илимий даража, кызмат даражасы болот эмеспи, башка ылайыктуу сөз табылганча муну мурункудай эле градус боюнча калтыра туруу керек деген пикирин айткан.

Отставка маселесине “Айгай” гезити да кайрылып, М. Садыркуловдун артынан КР вице-премьер-министри Э. Ибраимова да кызматтан кетүү тууралуу арыз берген маалымат тараганын, бирок ырасмий бийлик мунун чын-төгүнүн тастыктай электигин маалымдады. Гезит тарых илимдеринин доктору, белгилүү саясат иликтөөчү Нур Омаровдун “Эгерде президент өлкөдөгү энергетикалык кризис маселесин чече алса оппозицияны утуп алат” деген интервьюсун окурмандардарга тартуу кылды.

Ал Кыргызстан 20 жылдан ашуун убакыттан бери кризисттик абалда жашап келатканын, мамлекет элине жардам бермек тургай кайра өз көйгөйүн карапайым калк аркылуу чечкиси келерин белгилеген. Анын байкашынча 2009-жыл саясат өңүтүнөн алганда татаал жылдардан болот. Шайлоо жакындап келатат. Бийлик тараптан президент жана ага жакын бирөөлөр талапкерлигин коет. Эгер президент өлкөдөгү энергетикалык кризис маселесин чече алса оппозицияны утуп алар эле, бирок мен андай болоруна ишенбейм дейт ал.

Политологдун айтымында азыркы оппозициянын келечеги 2009-жылдын 1-жарымына чейин аныкталат. Эгер ушул мезгил аралыганда ийгиликке жетише албаса ал саясаттан кетип, ордун жаштарга бериши керек. Өлкө башчысы тууралуу сөз кылган доктор, президент Бакиев өз айланасындагылардын айткан жолу менен жүргөндөн башка аргасы жоктугун, акыры авторитардык бийлик орнотом деген кыялдын арты жакшылык менен бүтпөсүн 1-президент кечээ эле көзгө сайып көрсөткөндүгүн мисалга тарткан. Нур Омаров, президенти тегеректеп жүргөндөр үчүн Кыргызстандын тагдыры эч кандай мааниге ээ эместигин, алар үчүн башкы нерсе - ажону коштоп жүрүү жана өз укум-тукум үчүн байлык топтоо болуп саналат деп эсептейт.

“Агым” гезити бул санын “Азия курулуш” жабык акционердик корпорациясынын жакында ойнотулган лотереяларынын утушка ээ болгон сыйлыктарынын тизмесин жарыялоо менен ачты. Гезит андан ары “Акипреss” маалымат агенттигине шилтеме жасап, вице-премьер-министр Э. Ибраимова да отсавкага айдалганын, башка бир имиш изилдегичтер муну А. Мадумаровдун өч алып аткандагы кербези дешет деп атышууда деп, ал эми тактала элек маалыматтар боюнча 15 күндөн кийин М. Садыркуловго 1-вице-премьер-министрлик же Тышкы иштер министрлиги сунуш кылынат деп кабар таратты.

Ушул эле санда баяндамачы А. Токтомушевдин республиканын саясаты, экономикасы жаңырган жылы кандай болоруна ой таштаган макаласына окурмандардын назарын бурду. Автор анысында Бакиев бийлик үзөңгүсүнө бутун илип-илелек жатып эле Кыргызстан – “өз үйүнө”- Борбор Азияга кайтыш керек деп ураан таштаганын эске салып, "ооба кайтты", деп жазды.

Болгондо да Казакстан менен Орусиядагыдай эле Кыргызстанда да бийлик бир адамдын колуна топтолду, бийликтин мындай ситстемасын Назарбаев – 15, Путин – 8 жылда түзсө, Бакиев 2-3 айдын ичинде эле шашылыш жолго салды деп белгиледи.

Баяндамачы андан ары алдыга чылбыр таштап, саясатта Акүйдүн өзүндө, кландар арасында ичара тартыш күчөшү ыктымалдыгын, буга чейинки болуп өткөн окуялар Бакиевдин “тылы” тынч эместигин, эгер президент стратегияны мындай кой, тактикалык жактан эле жаза басса, кыл чайнашып кырылышууга даяр экендигин көрсөткөндүгүн кеп кылды. Ал эми Кыргызстан бул жылдын экономикасына баалардын болуп көрбөгөндөй өсүшү, энергетикалык кризис, ишкерликтин басаңдашы, массалык жумушсуздук менен киргенин далилге тартат автор.
XS
SM
MD
LG