Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:42

Кытайдан 30дай кыргыз үй-бүлө мекенине келүүнү каалайт


Учурда Кытай менен Кыргызстандын өкмөттөрү ортосунда сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Үй-бүлөлөрдүн көчүп келишине байланыштуу кыргыз тарап бардык документтерди даярдады. Бул тууралуу Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу боюнча мамкомитеттин иммиграциялык корунун деректири Салтанат Бараканова “Азаттыкка” билдирди. С. Бараканованын маалымдашынча, Кыргызстанга көчүп келген чет өлкөлүк кыргыз топторунун сексендей пайызы тажикстандыктар. Аталган мамлекеттен кыргыздар мекенине визасыз келе алышкандыктан, Тажикстандан канча кайрылман келгени тууралуу так маалымат жок. Виза менен кирген өлкөлөрдөн былтыр миңдей жаран көчүп келген жана алардын көпчүлүгү өзбекстандыктар эсептелет. (EBM)

XS
SM
MD
LG