Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

Президент куралдуу күчтөргө байланыштуу мыйзамга кол койбошу керек


Мындай пикирин “Азаттыкка” мурдагы Коргоо министри, “Бириккен элдик кыймылдын” саясий бюросунун мүчөсү Исмаил Исаков билдирди. Анын айтымында, Жогорку Кеңеш кабыл алган “Жалпы аскердик милдет, аскердик жана альтернативдик кызмат жөнүндө” аттуу мыйзамда өлкөнүн баш мыйзамына карама-каршы келген жерлер бар. “Бул мыйзам долбоорго ылайык куралдуу күчтөр өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү укугуна ээ болот. Мындай учурда адамды өлтүрө турчу ок атуучу куралдаргаа ээ аскерлер өлкөдөгү элдик толкундоолорго каршы коюлушу мүмкүн. Мындайга жол бербөө керек”,- дейт генерал Исмаил Исаков. Ошондой эле ал Ички иштер министрлигинде, желим октор, газ жана суу менен атуучу куралдар турганда чыныгы октору бар куралдарды пайдаланган аскерлерди ички иштерге аралаштуу коркунучтуу экенин эскертет. Парламентте бул мыйзам кабыл алынган учурда көпчүлүктү түзгөн бийликтин “Ак жол” партиясынын депутаттары мында эч кандай кооптуу нерсе жок экендигин айтышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG