Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:12

С.Айтикеев: Газдын баасы 78 пайызга чейин өстү


Кыргызстанда газдын баасы 78 пайызга чейин көтөрүлдү. Бул тууралуу “Кыргызгаздын” генералдык директору Саламат Айтикеев бүгүн маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында газга болгон жаңы бааны Өнөр-жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги бекитти. Ага ылайык, өлкөнүн түндүгүндөгү керектөөчүлөр үчүн газдын 1 куб метри 13,52 сом, түштүктөгү керектөөчүлөр үчүн 12,92 сомду түзмөкчү. Ошондой эле жаңы баага ылайык түндүктөгү өнөр-жай ишканалары менен юридикалык тараптар газ үчүн 15,50 сом, түштүктөгүлөрү 14,42 сом төлөшөт. С.Айтикеев түндүк менен түштүктөгү газдын баасынын айырмасын, өлкөнүн түндүгүнө газ Казакстан аркылуу келерин, андыктан аны алып келүүгө да каражат талап кылынары менен түшүндүрдү. Кыргызстан 2009-жыл үчүн Өзбекстандан 650 млн. куб метр газ алып келүүнү макулдашкан. Өткөн жылы бул сан 850 млн. куб метрди түзгөн эле. (IJz)

XS
SM
MD
LG