Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:05

Газпром: Европага газ өткөрүү бүгүн кайра жанданышы мүмкүн


Газпромдун жетекчиси Алексей Миллер эгерде эл аралык байкоочулар орус газын Украина аркылуу өткөрүүгө байкоо жүргүзүүүгө мүмкүнчүлүк ала турган келишимге кол коюлса, бүгүн эле орус газы Украина аркылуу Европага өткөрүлө баштаарын айтты. Украинанын мамлекеттик “Нафтогаз” компаниясы болсо орусиялык байкоочулардын өлкө аркылуу өткөн газды текшерүүсүнө каршы эместигин билдирди.

Кечээ Брюсселде Евробиримдиктин аткаминерлери менен бирге өткөрүлгөн эки тараптуу сүйлөшүүлөр маалында Орусия өз байкоочуларын Украинага жиберүүнү талап кылган. Еврокомиссия ушул тапта көзөмөл жүргүзө турган миссия тууралуу макулдашууну караштырууда жана Кремлди Европага газ берүүнү жандандырууга чакырды. Орусия менен Украина ортосундагы газ чатактан улам Европанын ондогон өлкөлөрү газ таңкыстыгына дуушарланды.

XS
SM
MD
LG