Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

Газа: жаңжалды токтотуу боюнча дипломатиялык аракеттер Египетте уланууда


Израилдин Хамас тобуна каршы чабуулу үчүнчү аптага кирди. Эки тарап тең Улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин ок атышууну токтотууга үндөгөн резолюциясына кош көңүл мамиле кылышууда. Палестин автономиясынын президенти Махмуд Аббас жана Германиянын тышкы иштер министри Франк-Валтер Штайнмайер Египеттин президенти Хосни Мубарак менен сүйлөшүү өткөрүшмөкчү. Газалык доктурлардын айтымында, Израилдин аскерий операциясы башталган 27-декабрдан бери палестиналык 800дөй киши каза тапты. Кабарларга караганда израилдик 10 жоокер набыт болду, согушкерлердин ракталарынан 3 жайкын тургун өлдү.

XS
SM
MD
LG