Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:56

Ошто электр кубаты баш-аламан өчүрүлүүдө


Ош шаарынын Түштүк кичи районунун тургундары «Азаттыкка» маалымдашынча, алар жашаган аймакта электр кубаты чектөөдөн тыш өчүрүлүүдө. Мындай баш-аламандыкты токтотууну талап кылып, калаа жетекчилигине кайрылышты эле, андан эч натыйжа чыкккан жок. Тескерисинче, акыркы эки күндө жарык таптакыр жанбай калды. «ОшЭлектро» ачык акционердик кооомунун баш директорунун орун басары Самат Сулайманов менен байланышсак, Кыргызстандын түштүк башкалаасында күн сайын 10 саттан гана электр жарыгы өчүрүлөөрүн, көпчүлүк учурда кардарлар энергияны башка максатта пайдаланышкандыктан, трансформаторлор бат-бат жарылып, бирок аларды зарыктырбай оңдоп жатышкандыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG