Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:49

Саясий куугунтукка каршы комитет түзүлөт


Бул тууралуу аталган комитетти түзүүчүлөрдүн бири, саясатчы Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргенине караганда келерки аптада комитет түзүлгөндүгү тууралуу коомчулукка жарыяланат. “Саясий куугунтукка каршы комитеттин негизги максаты – саясий себептер менен бирок кылмыш иши деп козголгон бардык иштерге каршы күрөш жүргүзүү, саясий майданда жүргөн ата-энелерге байланыштырып , балдарына карата бийликтин куугунтук кылуусун токтотуу, өлкө аймагынан башка жакта кор болуп, куугунтукта жүргөн мекендештердин укугун дагы коргоо болуп эсептелет”, -дейт Тургуналиев. Ал ошондой эле өлкөдө оппозициячыл саясатчыларга, мурдагы министрлер Исмаил Исаковго, Аликбек Жекшенкуловго, Равшан Жээнбековго, “Жашылдар” партиясына козголгон кылмыш иши, Ишенбай Кадырбековдун камакка алынышы бийлик тарабынан жасалган саясий куугунтук, кысым экендигин айтты. Буга чейин парламенттеги коргонуу, коопсуздук, укук жана сот реформалар комитетинин башчысы, “Ак жол” партиясынын мүчөсү Лейла Сыдыкова Кыргызстанда саясий куугунтук жүрүп жатат дегенге ишенбестигин билдирген. (AJ)

XS
SM
MD
LG