Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:23

М. Намазалиев: Жаштар азыр саясий оюндардан оолак болгону эле дурус


Жаш саясат таануучу Мирсулжан Намазалиев “Азаттыкка” курган маегинде оппозициянын соңку иш аракеттерине баа берип, Кыргызстандагы оппозициянын ой мүдөөсү жана койгон талап максаттары орундалаарына көзү жетпей тургандыгын билдирди. Анын пикиринде оппозиция дале тийиштүү программа сунуштай албай жатат. “Учурда саясий жактан бышылып жетилген жаштар оппозициянын саясий оюндарынан оолак болууну каалоодо”,- дейт М. Намазалиев. Ал эми “Ак-Шумкар кут” жаштар коомдук бирикмесинин жетекчиси Мирхамид Токтогул уулунун пикиринде оппозиция өлкөдө түзүлгөн кырдаалды туура пайдаланып, иш аракеттерин ырааттуу жүргүзсө кандайдыр бир майнап чыгышы мүмкүн. Бирок оппозициянын койгон максаты чыныгы биригүү менен коштолгондо гана жыйынтык берет дейт ал. Эртең Бириккен элдик кыймылдын Улуттук кеңешинин алгачкы жыйыны болоору күтүлүүдө. (ES)

XS
SM
MD
LG