Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:10

Украина, Россия жана Еврошаркет орус газын Европага жеткирүүгө жол ача турган мониторинг тууралуу келишимге жетишти


Ишембиде сөз болгон макулдашууга орус тарап кол койгондон кийин Европа биримдигинин учурдагы төрагасы, Чехиянын өкмөт башчысы Мирек Тополанек кайрадан Киевге жол тартты. Документке ылайык, Украина аркылуу өткөн газдын толугу менен Европага жеткирилишин көзмөлдөө үчүн шаркеттин тобу Россия менен Украинанын чегарасына жайгаштырылмакчы. Москва Украина транзит газды уурдап жатат деп айыптап келсе, Киев андай ырастоолорду четке кагууда. Орус премьер-министри Владимир Путин Украина келишимге кол коюп, байкоочулар куурларга бараары менен газ кайрадан европалык кардарларга бериле баштайт деп ишембиде билдирген.

XS
SM
MD
LG