Балдарды коргоо департаментинин билдиришинче, Ысык-Көлдүн Түп районундагы “Мээрим булагы” балдар үйүнүн деректири Гүлнара Дегенбаева жетим балдарды Кыргызстандан сыртка мыйзамсыз түрдө алып чыгып кетип жаткан. Өткөн жылдын 13-декабрында Г. Дегенбаева жети баланы Кыргызстандан алып кетип жатканда, балдардын документтери туура болбой, алар өлкөдө калган. 19-декабрда кайра беш баланы Орусияга алып кеткен. Көрсөтүлгөн документтер боюнча балдар Орусиядагы князь Александр Невский деп аталган коомдук бирикменин чакыруусу менен барган. Балдарга болсо Орусиянын Коопсуздук боюнча федералдык кызматтын окусуна барасыңар, деп айтышкан. Бул фактыларды аныктап чыккан комиссия учурда Баш прокуратурага катталган окуялар боюнча арыз жолдошту. (EBM)