Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:26

БЭКтин жыйыны жабык эшик артында өтүп жатат


Бүгүн кечке жуук Бириккен Элдик кыймылдын Улуттук кеңеши жыйынга чогулду. Жыйында уюштуруу маселелери, кыймылдын мындан аркы кадамдары тууралуу сөз болуп жана ошондой эле бийликтеги акыркы кадрдык саясат, өлкөдөгү энергетикалык кризис талкууга алынары мурда кабарланган.
Курамына 7 саясий партия, 4 кыймыл, Коомдук парламент кирген Бириккен Элдик кыймыл 24-декабрда түзүлгөн. Кыймылдын жетекчи органдары болуп Улуттук Кеңеш менен Саясий Бюро эсептелет. Улуттук Кеңеш –кыймылдын башкы органы, ал эми Саясий Бюро –кыймылдын жетектөөчү жана иш-аракеттерди уюштуруучу органы. Бириккен Элдик кыймылдын негизги талаптарынын бири –президент Курманбек Бакиевди мөөнөтүнөн мурда бийликтен кетирүү.(ZKo)

XS
SM
MD
LG