Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:18

Карышкырлар Нарындын элине 18,3 миллион сомдук зыян келтирди


2008-жылда теңир-тоолуктардын 538 жылкысы, 120 уйу, 66 топозу жана 1310 баш кой-эчкиси карышкырларга жем болду. Келтирилген зыян 18 миллион 331 миң сомду түзгөн. Өткөн жылда 245 карышкыр, 22 чөө атылган. Бул көрсөткүч 2007-жылга караганда 125 карышкырга жана 17 чөөгө көп атылды дегенди билдирет. Бирок карышкырлардын терисине мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражат 2007-жылга салыштырмалуу былтыркы жылы 2,5 эсеге азайган. 2007-жылда карышкырлардын териси үчүн 252 миң сом бөлүнсө, өткөн жылы 100 миң гана сом ыроолонгон. Мындай маалымат облустук акимчиликтин жетектөөчү адиси Эсен Абышовдон алынды.(KUs)

XS
SM
MD
LG