Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:14

Данияр Үсөнов бийликтин кадырын көтөрөбү же көңтөрөбү?


Данияр Үсөнов 12-январда Президенттин администрация башчысы кызматына дайындалды.Оппозиция өкүлдөрү бул чечимден кийин бийлик менен оппозициянын мамилеси курчушу ыктымалдыгын айтууда.

Мурунку бийлик учурунда кыргыз калкына ири ишкер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты катары таанымал болгон Данияр Үсөнов 2005-жылы март ыңкылабынан кийин Курманбек Бакиевдин тарабына дароо кошулган эмес. Ал бир кездеги депутаттык парталашы, азыркы Коопсуздук Кеңештин катчысы Адахан Мадумаров экөө 2005-жылы президенттик шайлоого өз алдынча катышуу ниетин жашырышкан эмес.

Бирок Курманбек Бакиевдин сунушу менен Данияр Үсөнов биринчи-вице-премьер-министр, ал эми Адахан Мадумаров вице-премьер кызматына келген. Андан кийин эки дос саясатчы жогорку кызматтарга көтөрүлүү жолунда жүрүп отуруп, өткөн жылы гана көмүскөгө кыска убакытка түшүп калышты.

Анда 2008-жылы Адахан Мадумаров Жогорку Кеңештин төрагасы кызматынан жаңжал менен кетсе, Данияр Үсөнов жарым жылдан ашыгыраак иштеп-иштебей Бишкек мэри кызматынан бошотулуп калган эле. Бирок көп узабай, июль айында Данияр Үсөнов түптөлө элек Өнүктүрүү фондунун төрагалыгына дайындалган. Мына ошондон бери кабары чыкпай келген Данияр Үсөновдун жылдызы саясий айдыңда кайрадан жанып, ал президенттик администрация башчылыгына 12-январда дайындалды.

Данияр Үсөновдун жогорку бийликтеги негизги орундардын бирине келиши менен бийлик саясатында кандай өзгөрүү болушу ыктымал? Бул суроого оппозиция өкүлү Аликбек Жекшенкулов мындай жообун берди:

-Мен ойлоймун бул келгени менен эчтеке өзгөрүлбөйт. Саясий туруксуздук, экономикалык кыйынчылык мындан ары дагы күчөй берет. Өзгөрүү болбойт. Тескерисинче курчуйт. Анткени Данияр Үсөнов бул саясий жагынан, экономикалык жагынан сабатсыз киши. Ал бизнесмен.

“Ак жол” фракциясынын мүчөсү Бегалы Наргозуев Данияр Үсөновдун дайындалышына карата мындай пикирин ортого салды:

-Эми күтүлбөгөн кадрдык жүрүш болду. Эми ал киши кызматтык, кесиптик деңгээлине жараша кызмат берди деп ойлоймун. Президенттик администрациянын башчысына дайындалгандар жарым жыл, бир жылдан ашпачы эле. Эми бул жакшы иштеп, көбүрөөк туруп калса деген тилектен башка эчтеке жок.

Медет Садыркуловдун президенттик администрация башчысы кызматынан кетиши, анын ордуна Данияр Үсөновдун бул кызматка келиши менен бийлик менен оппозициянын мамилесинде кандай өзгөрүү болушу ыктымал деген суроого коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Мирослав Ниязов мындай жооп берди:

-Оппозиция менен бийликтин ортосунда саясий күрөш деген өзү бул - өнөр. Биз аны жөнөкөй кармашка айлантып салдык. Бийлик кылмыш ишин ачып, оппозицияны коркутат. Ал эми оппозиция болсо дагы бир ыңкылап жасайбыз деп коркутат. Ошондуктан бийликтин дагы, оппозициясынын да деңгээли кичине жогору болсо дегеним. Ал (Үсөновдун келиши менен) мындайча мүмкүн дагы катуурак кысымга алып коюшу мүмкүн.







  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG