Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:18

К.Осмоналиев: Дин боюнча жаңы мыйзам бир топ либералдуу


Президент кечээ “Дин тутуу эркиндиги жана диний уюмдар” жөнүндөгү мыйзамга кол койду. Бул жаңы мыйзамдын өзгөчөлүгү, мурдагы мыйзамдан айырмасы тууралуу Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Каныбек Осмоналиев “Азаттыктын” түз обосунда кеп салып берди.

- Каныбек мырза, ЕККУ, АКШнын департаменти жана Кыргызстандагы бир катар уюмдар президентти бул мыйзамга кол койбоого чакырышты эле. Эми бул мыйзам ишке кирсе түрдүү дин туткан адамдардын ортосунда карама-каршылыкты жана эл аралык коомчулуктун нааразылыгын күчөтпөйбү?

- Мен мындай ойдон алысмын, себеби бул мыйзам өзүнүн табияты боюнча мурдагы мыйзамга окшош эмес, либералдуу болуп калды. Бирок негизинен дин тутуучулардын укуктарынан башка алардын коомдун алдындагы милдеттери дагы эске алынды. Ушул маселенин тегерегинде бир топ каршы пикир айтуулар болуп жатат. Бирок элдин көпчүлүгү бул жаңы мыйзамды колдоп келишкен. Өзүңүздөргө жакшы маалым, азыркы аракеттеги мыйзам 1991-жылы кабыл алынган болчу. Анда мындай маанилүү маселелер – каттоого алуу, диний окуу жайлар, диний миссионерлер маселелери таптакыр каралган эмес. Ошондуктан булардын баардыгы азыркы мыйзамда каралды. Менимче, мыйзам өзү иштеп баштаганда бир топ маанилүү маселелер бизге белгилүү болоор, мыйзам өзү бул догма эмес, өзүн-өзү дарылоо касиетине ээ болуш керек деп ойлойм.

- Бул мыйзам салттуу диндерден тышкары диний агымдардын жана диний уюмдардын ишин тескөөгө алууга негиз берет экен. Эң ириде кандай аракеттер жөнгө салынат? Жогоруда айткандай, президент кол коердун астында элдин кайрылуусу эске алынсын деген эскертүү менен кол койбодубу, ошого байланыштуу жакын арада мыйзамга кандай өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн?

- Биринчиден, ошол мыйзамдын алдындагы укуктук нормативдик актыларды тескөө ишин колго алабыз. Натыйжада каттоого алуу боюнча жобо, чет элдик миссионерлер жөнүндө жобо жана диний окуу жайлары боюнча жобо маселелери. Андан кийин эки жүз деген сандын айланасында сөз болуп жатпайбы. Мисалы, 200 деп ЕККУ дагы, АКШнын когрессмендери дагы, бирок ачык айтып коюшубуз керек бул сан республиканын бардык аймактары үчүн мүнөздүү экендиги тилекке каршы көпчүлүккө жакшы жетпей атат окшойт. Ошондуктан биз Улуттук телерадио корпорация менен жакынкы күндөрдө жаңы мыйзам тууралуу түшүндүрүү иштерин колго алууга даярданып жатабыз.

- Буга чейин мамлекеттик агенттикте каттоодон өткөн диний уюмдар бул мыйзамга жараша кайра каттоодон өтүшөбү, же ага зарылдык жокпу?

- Эреже боюнча жаңы кабыл алынган мыйзам алдыны көздөй иштейт. Мыйзам мурда кабыл алынган диний уюмдарга эч кандай таасирин тийгизбейт. Алар кандай шартта, кандай укукта кабыл алынган болсо ошол боюнча эле жашай беришет. Негизинен жаңыдан катталууга дуушар болгон диний уюмдарга тиешелүү болот.

- Кээ бир диний уюмдар бар агенттиктин катоосунан өтө албай жүргөн. Алардын арыздары кандай негизде каралат эми?

- Алар жаңы мыйзамдын талаптарынын негизинде каралат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG