Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:13

Орусия менен Украина бири-бирин дагы айыптап жатышат


Бул айыптоолор Европага жиберилчү газ боюнча чыгууда. Кечээ эртең менен Орусия Украина аркылуу Европага газды кайра жибере баштаганын кабарлаган. Бирок бир нече сааттан кийин «Газпром» көгүлтүр отунду Украина кармап калып жатканын билдирди. Украина болсо жаратылыш газы «Суджа» станциясы аркылуу өтсө, өлкөнүн бир топ региону отунсуз калат деп, Европага газды жибербей койгонун маалымдады. Бирок Газпромдун жетекчилиги «Суджа» аркылуу жалаң гана Европага кетчү газ өтөт деп жооп кайтарды. Еврокомиссия болсо орус-украин кайым айтышууларды тезирээк токтотуп, европалыктарга отунду тезинен жиберүүгө чакырды.
Орус-украин газ чатагынын айынан президент Виктор Ющенкого импичмент жарыялоого чакырыктар айтыла баштады. Өлкөдөгү Региондор партиясынын төрагасы Виктор Янукович болсо кыштын ызгаардуу күндөрү мамлекетти көгүлтүр отунсуз калтырган премьер-министр Юлия Тимошенко да кызматынан кетиши керек деп чыкты.

XS
SM
MD
LG