Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:45

И.Исаковду коргоого А.Бекназаров киришти


Коопсуздук кеңештин мурунку катчысы Исмаил Исаковго каршы Башкы прокуратура тарабынан эки кылмыш иши козголгон. Анын бири Балыкчыдагы аскердик бөлүктө техникалардын жоголушуна байланыштуу козголсо, экинчиси аскердик майрамдарды белгилөөгө эмне үчүн каражат бөлүндү деп козголгон. Прокуратура ошондой эле И.Исаковдон Бишкек шаарынын аймагынан сыртка чыкпоо тууралуу тил кат алган. Исмаил Исаков бул ишти оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн саясий куугунтук катары баалап,ал президенттин түздөн-түз буйругу менен жасалып жатканын билдирүүдө. Коопсуздук кеңештин мурунку катчысынын кызыкчылыгын коргоого мурунку башкы прокурор Азимбек Бекназаров киришти. Бул маалыматты Бекназаров бүгүн “Азаттыкка” тастыктады. Башкы прокурордун биринчи орун басары Сумар Насиза болсо И.Исаковго каршы козголгон иште саясат жок экенин билдирген.(AiT)

XS
SM
MD
LG