Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:56

Корея элчиси Нура айылына барып, жабыркагандардын ал-абалын сурайт


Кореянын Кыргызстандагы элчиси Ким Бенг Хо Алай районундагы Нура айылына барып, жер титирөөдөн жабыркагандардын ал-абалы менен таанышып келет. Элчи мындай кабарды өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министри Камчыбек Ташиев менен болгон жолугушуусунда билдирген. Министрликтин басма сөз кызматы кабарлагандай, мурдараак Корея өкмөтү жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам катары 50 миң долларлык тамак-аш жана жылуу киийим-кечектерди жиберген болчу. 26-январь күнү элчи Нура айылынын тургундары менен өзү жолугушуп, белек-бечкек берип келүүнү пландап жатат. Бул күнү Кореяда Жаңы жыл майрамы белгиленет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG