Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:40

«Кыргызстандын жаш киносу» аттуу кинофестиваль өтөт


Кыргыз Кинематография башкармалыгы тарабынан “Кыргызстандын жаш киносу” аттуу кинофестиваль уюштурулмакчы. Соңку үч жылда жаш кыргыз кинорежиссерлору тарабынан негизинен даректүү кыска метраждуу фильмдер тартылды.

“Кыргызстандын жаш киносу” аттуу кинофестивалга негизинен жаш кыргыз киночуларынын даректүү кыска метраждуу фильмдери катышмакчы. Негизинен жаш кыргыз киночулары кийинки учурда мына ушул жанрда көп иштеп жатышат. Учурда аталган кинофестивалга карата көрүлүп жаткан камылгалар тууралу Кыргыз кинематография башкармалыгынын төрагасы Абибилла Пазылов буларга токтолду:

- Фестивалдык конкурска кийинки үч жылда тартылган даректүү кыска метраждуу кинофильмдер кабыл алынат. Ошондой эле фильмди жараткан режиссердун жаш курагы 40 жаштан ашпоосу шарт. Ал эми фестивалды уюштуруп жаткандардын жаш курагы 45 жаштан ашпоосу абзел. Себеби – алдыдагы бул фестивалга жаштар катышмакчы жана жаш киночулар өз киндиктерин өздөрү кесишип, өздөрүнө өздөрү баа беришет. Биз азыр кинофестивалда бериле турган байгенин эскизин, эмблемасын иштеп жатабыз. Булар биздин атайын роликтерибизде, сайттарыбызда, басма сөз каражаттарыбызда жакында жарыяланат.

“Кыргызстандын жаш киносу” деп аталган алдыдагы бул кинофестивалга кино чөйрөсүнө али белгисиз облустардагы жаш киночулар да катыша алышат.

“Кыргызстандын жаш киносу” кинофестивалын өткөрүүнүн башкы максаты – албетте, жаш кыргыз киносунун багытын, дараметин аныктоо жана жаш таланттарды өстүрүүгө көмөк көрсөтүү:

- Аталган кинофестивалды өткөрүүнун негизги максаты – бүгүн биздин жаш киночулар кайсы багытта баратат, кандай изденүүлөр, ар түрдүүлүктөр бар – мына ушуларды аныктоо. Экинчиден мына ошол аныктоолор аркылуу – бул жараянды дагы өстүрүп өнүктүрүү.

“Кыргызстандын жаш киносу” кинофестивалын уюштуруп жаткан кинематография башкармалыгы кинофестивалдын Гран-при сыйлыгын жеңип алган жаш кинорежиссерго сыйлык катары бир кинотасмасын тартуунун каржысын көтөрмөкчү.


XS
SM
MD
LG