Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Баткенде кутурган жырткычтар адамга кол сала баштады


Баткенде кутурма илдетин алып жүргөн жырткычтар айыл аралай баштады. Ошол эле мезгилде мал жандыктан өтүп адамдарга кол салган учурлар кездешүүдө. Баткенде 12-январь күнү айылдын чок ортосунан кишиге кол салган карышкыр өлтүрүлдү.

Баткен району боюнча өткөн жыл ичинде эле ит тиштеп ооруканага кайрылган адамдардын расмий эсеби 400гө жеткен. Ал эми 12-январь күнү күндүз карышкыр кол салган Адам Баткен облустук ооруканага жеткирилген. Кара-Булак айылынын 47 жаштагы тургуну Сыдык Абдыкадыров айылдын борбор көчөсүнөн жумушка бараткан мезгилде карышкыр кол салган:

- Кара-Булактан айылдын ичинен саат 8де ишке кетип атсам, түз кекиртекке тиштеди. Аябай кыйкырдым. Кичине күчүм бар экен өлтүрдүм, - деди карышкыр менен кармашкан учурда ити да жардамга келбеген Сыдык Абдыкадыров.

Ошол эле учурда минтип талаа жырткычтары айыл аралап кишиге кол салып жүрүшүнө айылдагы иттерди бир четтен ата берүү себеп болууда. Жергиликтүү бийлик иттерди дарылагандан көрө атып салуну жеңил көрүшүүдө, деген оюн айтат Таян айылынын тургуну Замира Рысбаева:

- Биздин Таян айылыбзга өткөндө Өзбекстандан ит келип, 5 адамды тиштеп алды. Ал кутурган ит экен. Анын аркасынан ит атаарлар келип жоопсуз эле бардык иттерибизди атып таштады. Айылда бөрүлөр, карышкырлар көбөйүп, чекеден тоокторду, малдарды жеп кетип атат. Иттердин аздыгынан адамдарга да карышкырлар кол салып атат. Түнкүсүн бала-чаканы эшике чыгарыштан коркуп калдым.

Баткен райондук ветеринардык башкармалыгынын башкы эпизотологу Кочкорбай Бердишовдун айтымында, ветеринардык кызмат элдердин жардамына муктаж. Андан тышкары кишиге кол салган кутурмага шектүү карышкырдын өлүк денесин айылдыктар сатып жибергенин кошумчалайт:

- Биздин иттердин паспортунун аркасында жазылган, документи бар ит көчөдө бош жүрсө, көргөңдү каап алса, аны атабыз. Биздин дарыгерлер барган учурда көп адамдар итин дарылаткандан баш тартат. Барып дарылап атат, бул дагы кыйынга турат. Эл муну туура түшүнүп, ветдарыгерлерге жардам бериш керек. Кечээ жакында ээси жок ит келип 3-4 адамды каап кеткендиктен бүгүнкү күнгө чейин 77 баш ит атылды. Андан тышкары кечээ Кара-Булак айылында бир адамды көчөдөн карышкыр талап кеткен. Ошонун үстүнөн дагы азыр ветеринардык санитардык иш чаралар жүргүзүлүп атат, дары-дармектерди жеткирип бердик, адамды ооруканага алып келип жаткырдык. Бирок ошол карышкырдын өлүгү табылбай атат. Ошол жерде коңшу аял тажиктерге сатып жиберген экен. Кечээ РОВДга кат бердик, издетип атабыз азыр.
XS
SM
MD
LG